У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов премьер- министр болду


 Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин депуттары парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын жана анын программасын бекитти. 

Жалпысынан 116 депутат катталып, үч депутат: Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Наталья Никитенко өкмөттүн жаӊы курамына каршы добуш беришти, калгандары бир добуштан колдошту.  

Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы: премьер-министрликке Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбеков бекиди. Вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова ордунда калды.
 
Жыйында  Кубатбек Боронов ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, мурдагы өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын улантарын айтты.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter