У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент санитардык талаптарды бузган өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салууну талап кылды

 Бүгүн, 19-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырып, бет капсыз топтолушуп сүрөткө түшкөн өкмөттүн мүчөлөрүнө айып пул салуу керектигин айтты. 
 
«Бул илдет жок, бул — ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары — ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
 
Ал “бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, коронавирус жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого түрткү болуп жатканын, «Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат»,-деди президент. 
 
Президент талапты аткарбагандар айып пул төлөөгө тийиштигин айтып, бирок бул чара аппараттагы катардагы кызматкерлерге карата колдонулбашы керектигин эскертти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter