У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда вирус да адам тандап жугабы?..


Кечээ, 17- июнда Өкмөт үйүндө КРнын премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.
 
Аталган иш-чарада мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана жаңы премьер-министр болгон Кубатбек Бороновдун, ошондой эле өкмөттүн аппаратында иштеген кызматкерлердин бет капсыз, аралыкты сактабай эле сүрөткө түшүп, кучакташып коштошуп жатканын көрүүгө болот. 
 
Күн сайын элге, «Санитардык эрежелерге баш ийгиле, талаптарды аткаргыла, оору күч алууда, аралыкты сактагыла, бет капсыз жүрбөгүлө, 50дөн ашык киши чогулууга болбойт»-, деп сайрап жаткан өкмөттүн бул жоругу менен мыйзам менен талаптар карапайым эл үчүн гана иштейт экенине дагы бир жолу ынанасыӊ. 

50 адамдан көп чогулган иш-чараларга тыюу салып, санитардык талаптарды сактабаган айдоочуларга, ишкерлерге айып пул салып жаткан Өкмөт, кечээ өзү талаптарга баш ийбей, 100дөн ашуун кызматкери менен чогулуп, аралыкты сактабай эл арасында «оору жок, бул оюн, саясат, акча жештин жолу» деген шектенүүлөргө далил болуп берди. Ансыз деле вирустун бар экенине иштенбей жүргөн элге бул иш-чара факты болду. Эми өкмөттүн «оору күч алууда, шаарды кайра жабабыз» деген сөздөрү суу кечпей калды. Эл ишенбейт. Элдин ишенимин элге үлгү боло тургандар өздөрү тебелеп салышты. 

Мыйзам баарына бирдей болсо, анда Өкмөт жана ошол жерде санитардык нормаларды сактабагандардын баары башка ишкерлер, айдоочулар сыяктуу эле айып пул төлөөсү зарыл. Болбосо, санитардык талаптарды бузган карапайым эл да айып пул төлөбөшү керек. Тартип элге эле керекпи? Же бизде вирус да адам тандап жугабы?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter