У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үсөнбаев: «Бүгүн, санитардык нормаларды сактабай эртеӊ чектөөлөрдү кайра киргизүүгө мажбур болбойлу»


Санитардык талаптарды аткарбай, коомдук транспорттордо, базарларда адамдардын бет кап кийбей, аралыкты сактабай жүргөнү вирус илдетинин жайылуусуна себеп болууда. Бул тууралуу 15-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 
 
«Акыркы эки күндө вирус жуктурган адамдардын саны өсүп жатат. Вирустун жайылуусуна коомдук жайларда, транспорттордо элдин көп чогулуусу, бет капты тагынбай, санитардык талаптарды сактабай жатканы себеп болууда. Көп адамдар оору жок деп ишенбей, кайдыгер мамиле жасоодо. Оору бар, болгондо да адам өмүрүнө коркунуч жараткан, адамдан адамга бат жуккан оору. Бул илдет жашы өтүп калган адамдар үчүн кооптуу. Илдети жуктуруп алып каза болгондордун көпчүлүгү улгайып калгандар экенин буга чейин да айтып келгенбиз. Ошондуктан элдин саламаттыгын ойлоп, кайдыгер болбой, талаптарды аткарып, бет кап кийип, аралыкты сактасаӊыздар. Бул талаптар өтө деле оор эмес. Бүгүн, кайдыгерлик кылып оорунун жайылышына себепкер болуп, кайра эртеӊ карантиндик чектөөлөрдүн киришине мажбур болбойлу»,-деди Үсөнбаев. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter