У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Узарбек Жылкыбаев: "Шаарда беткап кийбей, социалдык аралыкты сактабай жүргөндөр көп. Сактануу керек, вирус кете элек"


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берип, шаарда санитардык талаптар аткарылбай, социалдык аралык сакталбай жатканына нааразы болду. Анын айтымында күн ысыгандан тарта балдар арасында жугуштуу оорулар да көбөйүп жатат.

"Март айынан баштап жугуштуу оорулар менен ооругандар азайып калган. Мисалга, тамак-аштан уулануу, дизентерияга кабылып кайрылгандар. Бирок акыркы күндөрү балдар арасынан жугуштуу ооруларга кабылгандары көп чыга баштады. Бул көбүнесе күн жылыганына байланыштуу мөмө-жемиштерди жуубай жегенден же тамактануу алдында колду самындап жуубагандыктан болуп жатат. Андыктан, тазалыкты сактап, колду маал-маалы менен жууп, дезинфекция иштерин жүргүзүп туруу керек. Облуста көп тармактын иштөөсүнө уруксат берилген. Мындан улам кээ бир жерлерде санитардык талаптар аткарылбай жатат. Адамдар дүкөнгө кезекке турганда социалдык аралыкты кармаган жок. Бет капты дагы кийбей эле тургандарына күбө болуп жатабыз. Балдарды жана өзүбүздү коронавирустан сактоо үчүн бардык айтылган эрежелерди аткаруу керек. Анткени коркунуч жок эмес, ал дагы эле кете элек", - деди Жылкыбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter