У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте базарлардан вирус көп жугушу мүмкүн


Бишкек кадимки турмушка кайтканы базарлар да ишин жандантып, эл көп агылып жаткан убагы. Пандемия күчүндө экенине карабай эл санитардык талаптарды аткарбай, социалдык аралыкты сактабай жатат. Бул өтө кооптуу, дал ушул базарлар вирустун очогуна айланып кетүүсү мүмкүн экенин республикалык штабдан эскертишти. Алардын айтымында  базарларда вирус жугузуп алуунун коркунучу көп экени байкалууда. Көпчүлүк жарандар беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат.

Маалыматка караганда, илдет жугузгандардын бири инфекцияны шаардагы үч ири базардын биринен жугузушу мүмкүн. Буга байланыштуу республикалык штаб мэрияга санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү сунуш кылды.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына ата мекендик компанияларга беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүгө көмөктөшүү тууралуу тапшырма берилди.

Үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү маселеси көтөрүлдү. Коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарына кайдыгер карабоо, иммунитетти көтөрүп, социалдык аралыкты сактоо тууралуу элге сунуш айтылды.

Бишкек мэриясы маалымдагандай, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген, ага ылайык бул мекемелердин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышына жооптуу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter