У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назира Артыкова: "Бет капты тагынып жүргөндө жуулбаган кол менен оңдоого болбойт..."


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз жергесиндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова коронавирустан коргонуу үчүн бет кап тагынуунун зарыл экенин эскертти. Айтымында, бет капты социалдык аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жерлерде сөзсүз тагынып жүрүү керек. Ал эми жаш курагы 60тан ашкандар, өнөкөт оорусу барлар дагы такай бет кап тагынуусу зарыл.

“Бет капты тагынып жүргөндө кармоого болбойт, бул учурда COVID-19 илдети жугуп калышы мүмкүн. Же болбосо бет капты оңдоодон мурда колду таза жуу кажет. Ушул эле талап бет капты чечүүдө да колдонулушу шарт. Бет кап оозду, мурунду, ээкти дагы жаап турушу керек.
Ал эми колдонулган бет каптан арылууда да эрежелерди сактап, айтылган сунуштарды эске алалы. Бул эрежелер коргоо чараларынын комплексинин бир бөлүгү болуп саналат. Мындан тышкары 1 жарым, 2 метр социалдык аралыкты сактоо жана кол гигиенасын таза кармоо керек", - дейт саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter