У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик улуу муундагы жарандарды той, аштарга барбай турууну өтүндү


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  улгайган жарандарга кайрылып, санитардык талаптарды сактоого жана мүмкүн болушунча өзүн-өзү изоляцияга алууга чакырды. Буга улуу муундагы аялдар арасында акыркы күндөрү илдетти жуктуруп алгандар көп каттала баштагандыгы себеп болууда.  Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"Эгерде көчөгө чыксаңыздар, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, бет кап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыздар. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору. Урматтуу жарандар, эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабаңыздар.
Акыркы күндөрү улуу муундагы жарандарды той, аштарга сакалдуу деп чакырып жатабыз. Эл көп топтолгон жерлер кары-картаңдар үчүн кооптуу экенин эскерте кетейин. Эпидемиологиялык абал турукташканча ушул нерселерди токттото турсаңыздар", - деди министрдин орун басары.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter