У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик балдарды зарыл болбосо бакчага бербей турууну өтүндү


Кыргызстанда бала бакчалар 5-июндан тарта ишке кирди. Бирок дүйнөнү каптап жаткан жугуштуу илдет тилекке каршы биздин да өлкөгө жетип, жоготуулар болуп жаткандыгына байланыштуу жаш балдарды өтө зарыл болбосо бакчага жибербей туруу керектигин Билим берүү жана илим министрлиги эскертти. 

Тактап айтканда пандемия шартында иштеп жаткан бала бакчаларда усулдук ыкмалар өзгөртүлүп, тарбиячылар окутуудан өтөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн окутуулар өткөрүлөт. Ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде карай турган адам болсо, анда коопсуздук үчүн баланы үйгө эле калтырган оң болот", — деген ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter