У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үсөнбаев: "Аттуу-баштуу жарандарыбыз той-аштарды өткөрүүгө уруксат сурап жатат"

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен той-аштарга азырынча уруксат берилбей турганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-июнда онлайн бирифинг учурунда билдирди. 

«Биздин аттуу-баштуу жарандарыбыз жана ресторандар бирикмеси ресторандарды, салтанат залдарынын ачууну той-аштарга, куран окутууларга уруксат берүүнү суранышууда. Биз азырынча адамдар көп санда чогулуп той берүүгө, куран окутууга уруксат бере албайбыз. Анткени эпидемиологиялык абал дагы деле курч. Бул маселе өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карап чечилет»,-деди Үсөнбаев. 

11-июнда Бишкек шаарындагы «Кайнар» ресторанында саясатчы Өмүрбек Бабанов көзү өткөн эжесине куран окутуп, санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн ресторанга айып пул салынды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter