Бишкекте жалпысынан 610 адам вирус жуктуруп алган
- 12.06.2020, 14:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
12-июнга карата Бишкек шаарында вирус жуктуруп алган адамдардын жалпы саны 610 адамга жетти. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова онлайн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, илдетти жуктуруп алгандардын арасынан 134ү медицина кызматкерлери, 45 адам Ички иштер министрлигинин кызматкерлери.
Шаардын борбордук бөлүгүндө вирус жуккандардын эң көбү 12-кичи район менен “Жал” кичи районунда, аталган жерлерде инфекция жуктуруп алган 15тен адам катталды.
Бишкекте 610 адам вирус жуктуруп алса, анын 367си айыгып чыкты, бешөө каза тапты.