У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызматкерлеринен вирус табылган бала бакчалардын тизмеси

9-июнда ПЧР анализин текшерүү учурунда Бишкек шаарындагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Вирус жуктуруп алган бала бакча кызматкерлеринин баары ооруканага жаткырылды. Алардын жакындары үй карантинге алынды. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.
 
Маалыматка ылайык, вирус табылган кызматкерлердин арасынан үчөө №111, №35, №37 муниципалдык бала бакчалардын кызмактерлери, калган үчөө «Ак Шоола», «Ак Жол» жана «Асылай» менчик бала бакчаларда иштегендер.
 
Бардык бала бакчалардын кызматкерлери ПЧР-тесттен өтүшүүдө: муниципалдык бала бакчалардан 1 миң 668 адам, менчик бала бакчалардан 2 миң 266 адам, ведомстволук бала бакчалардан 251 адам.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter