Бишкекте коронавирус жуктурган сатуучу 48 киши менен байланышта болгон
- 16.05.2020, 14:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарында кең-кесири басып жүрө турган мезгил эмес. Анткени калк көп барган соода борборунун вирус жуктурган бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгондугу бүгүн, 16-майда брифингде айтылды. Мындай кырдаалга байланыштуу шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова шаардыктарды эл көп чогулган жерлерге барбоого, муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырды.
Маалыматка ылайык, 16-майга карата Бишкекте вирус жуктуруп алгандардын саны 305 адамга жетти. Булар менен байланышта болгон 648 киши обсервацияда, 765 адам медициналык көзөмөлдө. Жалпы шаардагы обсервация жайларында учурда 1064 киши жатат.