7-июнда 33 адамдан вирус табылды, 65 бейтап айыкты
- 07.06.2020, 10:23,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 33 адамдан вирус табылып, 65 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-9, Ош шаарында-9, Ош облусунда-3, Нарын облусунда-8, Чүй облусунда-3, Жалал-Абад облусунда-1 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 2007 адамга жетти. Анын ичинен 1425 бейтап айыгып чыкты, 22 адам каза болду.