1-июнда 69 адамдан вирус табылды, 11 бейтап айыкты
- 01.06.2020, 10:20,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 69 адамын вирус жуктуруп алганы аныкталды, 11 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында – 21, Нарын облусунда -14, Ош шаарында-9, Ош облусунда-1, Чүй облусунда-6, чет жерден келгендер-18 учур.
Жалпысынан 1-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1817 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап каза болду, 1181 бейтап айыгып үйүнө чыкты.