У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы 3 адам коронавирустан каза болду

 
Акыркы бир сутка ичинде коронаврус илдетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июнда онлайн брифинг учурунда билдирди. 
 
«Тилекке каршы, акыры бир сутка ичинде 3 жараныбыз коронавирус илдетинен каза болду. Алардын  бири дарыгер-педиатр. Ал 1961- жылы туулган, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде иштечү. Кесиптешибиз апрель айынан бери вирус жуктуруп алгандар менен иштешкен. Вирусту ошол жерден жуктуруп алып, дарыланып жаткан, акыркы күндөрү абалы оорлошуп, кечинде каза болуп калды. Каза болгон кесиптешибиздин бир катар өнөкөт оорулары болгон.
Экинчи каза болгон жараныбыз, Ош облусунун Кара-Суу районун 1965 -жылы туулган тургуну. Ал 27-майдан тартып ооруканада жаткан. Анын да өнөкөт оорулары бар болчу. Дарыгерлер болгон күч-аракеттин жумшап, жардам көрсөткөнүнө карабай, кечинде абалы кескин начарлап, тилекке каршы, кайтыш болду.
Үчүнчү каза болгон бейтап 1936-жылы туулган. Ал 9-майдан тартып эле Нарын облустук  ооруканасында дарыланып жаткан. Вирусту ооруканадан жуктуруп алган. Бул жараныбыздын да өнөкөт оорулары козголуп, медициналык жардамга карабай каза болуп калды»,-деп кабарлады Үсөнбаев. 
 
Жалпысынан вирус илдетинен каза болгондордун саны 20 кишиге жетти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter