4-июнда 28 адамдан вирус табылды, 27 бейтап айыкты
- 04.06.2020, 10:17,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 28 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды, 27 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында- 15, Нарын облусунда-1, Чүй облусунда-1, Ош шаарында-4, Ош облусунда-6, Ысык-Көл облусунда-1 учур.
Жалпысынан өлкө боюна коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1899 адамга жетти. Анын ичинен 1292 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды, 20 киши каза болду.