Каракол шаарынын тургуну вирусту Оштон келген досунан жуктуруп алган
- 05.06.2020, 17:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн Ысык-Көл облусунда үч жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын тургуну Оштон келген досунан коронавирус жуктуруп алган. Мындан сырткары үй-бүлө мүчөлөрүнөн эки адамдан да вирус аныкталган. 5-июнга караган түнү бейтаптардын биринин дене табы көтөрүлүп дарыгерге кайрылган. Алардын вирус жуктуруп алганы текшерүү учурунда аныкталган. Учурда ал жарандар ооруканага жаткырып дарыланууда. Алар менен байланышта болгондор обсервацияга алынды. Ал эми Оштон келип кеткен жаран боюнча атайын кызматтарга билдирүү берилди.