Нарында вирустан коргоочу атайын кийимдер тигилүүдө
- 23.03.2020, 22:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын шаарындагы №87-М. Мырзабеков атындагы кесиптик лицейде жугуштуу оорулардан коргонуучу атайын кийим-кечелер тигилүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул жумушка окуу жайдын тигүүчү адистигинин 10 мугалими тартылып, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин буйрутмасы менен 19-марттан бери 600 беткап жана 800 даана коргонуучу кийимдерди тигип чыгарышкан.
"1500 кийимге буйрутма алганбыз. Дагы 700дү тигебиз. Бул иш ыкчамдыкты талап кылгандыктан өзүбүздө иштеген мугалимдерден сырткары үйүндө отуруп кийим тиккен 6 тигүүчүгө сүйлөшүп аларга да тиктирип атабыз. Буйрутма көп болгондуктан күнү-түнү менен иштөөгө туура келүүдө. Ошентсе да элибиздин керегине жарап, кызмат кылып атканыбызга сыймыктанабыз",- дейт тигүүчүлөрдүн бири Нуркан айым.
Аталган жайда даярдалган кийим-кечелердин 24 даанасын облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Кочкор районундагы Сары-Чат өткөрүү постунда нөөмөткө туруп иштеп жаткан кызматкерлерге тапшырган. Ошондой эле алар көз айнек жана өтүктөр менен да камсыз кылынды. "
Лицейде өндүрүлүп жаткан кийим-кечелер сапаттуу пахта кездемесинен тигилип, кийип жүргөнгө ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Жууп алып көпкө чейин пайдалана берсе болот. Баасы да салыштырмалуу арзан", - дейт маалыматта.