У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө 3 адам коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды…

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Ак-Суу районунун тургуну коронавируска шектүү делинип, ооруканага жаткырылганын 18-марттагы жыйында билдирди.

Облус жетекчинин маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунан кичи ажылыкка 13 адам барган. Ак-Суу районунан 2 адам, Жети-Өгүздөн 6, Каракол шаарынан 4 адам жана Ысык-Көл районунан 1 адам барып келген. Ошондой эле Германиядан 13-мартта 2 адам келген. Алардын баары үй карантинде.

Бул тууралуу Осмоналиев: «Жергиликтүү жетекчилер менен тактоо жүргүзүп жатабыз. Түндө саат 02:00 чамасында Ак-Суу районунун 1976-жылы туулган тургуну коронавируска шектүү катары алынып келип, ооруканага жаткырылды. Ал байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлгө алынып жатат. Жакындары үй карантинге алынды. Ошондой эле Германиядан келген эки тургун өз каалоосу менен ооруканага барбагандыктан, алар мажбурлоо менен изоляцияга алынды», - деп айтты. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter