17-майда вирус жуктурган 21 учур катталды, 21 бейтап айыкты
- 17.05.2020, 10:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 21 адамдан вирус аныкталып, 21 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-2, Чүй облусунда-3, Нарын облусунда-6, Санкт- Петербургдан келгендер-10 учур.
Өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 1 138 адамга жетти, анын ичинен 804 бейтап айыгып чыкты, 14 киши каза болду.