У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айдоочу: "Беткап кийбегендер менен урушкандан чарчадык..."


Карантинден кийин ишке чыккан коомдук транспорттордун айдоочулары массалык маалымат каражаттарынын бирине элдин беткап кийбей жатканына нааразы экенин айтып чыгышты. 

"Дээрлик көпчүлүк жарандар беткап кийгиси келбейт экен. Көчөдө баары эле беткапсыз жүрүшөт. Унаага отураарда араң кийишет. Айрымдары кийгиси келбей, биз менен урушат. Мисалы айрым кыздар беткабыңар кайда десең чөнтөгүмдө дейт. Андайлар менен урушканга ал жок. Күнүгө текшерүү жүрүп жатат, айып пул төлөгүдөй да алыбыз жок. Шаардыктарга кантип беткап кийүү режими алына электигин түшүндүруү керектигин билбейбиз" дейт айдоочулардын бири. 

Эскерте кетели, коомдук транспорттун бардык түрү 25-майдан тарта ишке чыгышкан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter