Камералар коюлса деле Бишкектин чок ортосунда катуу айдаган айдоочулардын запкысын тарткандар арбын
- 10.03.2020, 10:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кырсыкты кайдан деп болбойт. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери камералардан корккон айдоочулар атайын белгиден ашып, жөө жүргүнчүлөрдүн бутун тебелей токтогон адатын азайтып калышкан. Бирок тилекке каршы Бишкектин чок ортосунда катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулардын запкысын тарткандар да арбын.
Маселен 5-мартта Бишкектин Москва Турусбеков көчөлөрүндөгү 214-маршруттук автобус менен жеңил автоунаанын кагылышуусунан кичи автобустун жүргүнчүлөрү ыргып кетишкен. Жаракат алгандар ооруканага жеткирипдип, жардам көрсөтүлгөн.