У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак-Талаага иш менен барган кызматкер окуучуларга вирус жуктурган



Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда Ак-Талаа районуна кызмат учурунда барып, өзү вирустун алып жүрүүчүсү экенин билбей, эч кандай оорубай эле жүрүп, башкаларга вирус жуктуруп кеткен мамлекеттик кызматкер тууралуу айтты. 

"Нарын облусунда кызматтагы адам башка районго каттайт, тагыраагы, Ак-Талаа районуна иш боюнча барганда ар ким менен байланышып, бир топ адамга жуктурган. Арасында 74 жаштагы киши, мектеп окуучулары бар. Бир киши бир нече адамга жуктуруп коюп жатат. Көңүл кош мамиле жасабайлы. Аралыкты сактап, гигиена талаптарын аткаралы", — деди ал.

Оору жайыла баштагандан тартып эле дарыгерлер вирусту ар кимдин организми ар кандай көтөрөөрүн, айрымдарга вирус жукса да оорунун белгиси билинбейт экенин  кайра-кайра кайталап келишет. Бирок ошого карабай эл социалдык аралыкты сактабай, санитардык эрежелерди туура аткарбагандыктан вирус көп жайылууда дейт министрдин орун басары. 

"Бүгүн бир маселеге токтоло кетейинчи, оорулуулардын саны азайбай койду. Күндө 48, 30, 35тен чыгып жатат. Анын себеби байланышта болгон адамдардын саны өтө көп болуп жатканында. Алар айтылган талаптарды аткарбай жатышат. Оорунун белгиси билинбей же өтө катуу эмес болгондо адам өзү байкабай башкалар менен байланышып жүрө берет. Аралыкты сакташ керек", — деди Үсөнбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter