У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус тез жайылууда. Кыргызстан жарандарын коргой алабы?


Дүйнө элин беймаза кылып жаткан коркунучтуу коронавирус өтө тездик менен жайылууда. Жалпысынан 100дөн ашуун өлкөнү аралап барган вирус эми Москвага жетип, 20 адамдын шайын алып жаткан убагы. Коңшулар вирустун алдын алуу максатында бир топ өлкө менен байланышын үзүп, эшигин жабууга аргасыз болушууда. Маселен Тажикстан 35тен ашуун өлкө менен алакасын токтотту. Өзбекстан чартердик рейс менен Меккеге кичи ажылыкка кеткен 244 жаранын алып кетишти, бир топ өлкө менен алакасын токтотту. Ал эми Казакстанда коркунучтуу вирустун жайылып кетүүсүнө каршы "Б планы" иштелип чыкты. Бул курч даярдык көрүү дегенди билдирет.

Ал эми Кыргызстанда массалык иш-чараларга бөгөт коюлуп, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда вирус катталган эмес жана атайын өкмөт тарабынан вирус катталган өлкөдөн келген жарандар 14 күн карантинде болуп чыгуу чечими чыккан. Ошентсе да карапайым калктын үрөйү учуп, кимден кандай кеңеш алаарын билбей турган учуру. Себеби дарыканаларда беткаптар, этил спирти, антибиотиктер дээрлик жокко эсе, аймактарда 5 сомдук беткаптардын баасы 4 эсе жогорулады. Соода түйүндөрүндө азык-түлүктүн баасы кымбаттаганы айтылууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter