Нарындагы төрөт үйүнүн 3 медайымынан вирус аныкталды
- 17.05.2020, 11:45,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын облустук төрөт үйүнүн 3 медайымынын вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-майда брифингде билдирди.
«Нарындагы төрөт үйүнүн үч медайымынан вирус аныкталды. Алар медициналык көзөмөлдөн өтүшүп, дарыланышууда. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар текшерүүгө алынды»,-деп билдирди Үсөнбаев.
Жалпысынан вирус жуктуруп алган 253 медицина кызматкерди катталды, анын 200ү айыгып, жумушка чыкты. Бир дарыгер каза болду.