Нарын облустук төрөт үйүнүн алты кызматкеринен вирус табылды
- 12.05.2020, 10:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул туурасында, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
«Нарын облусунда 12-майга карата акыры бир суткада 7 адамдан вирус аныкталды. Анын ичинен алтоо облустук төрөт үйүнүн кызматкерлери экени тастыкталды. Кайдыгерлик мамиледен улам төрөт үйүнүн кызматкерлери вирус жуктуруп алышты окшойт», - деп билдирди Үсөнбаев.
Нарын облусунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 136 адам.