14-майда 38 адамдан вирус табылды, 9 бейтап айыкты
- 14.05.2020, 10:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус илдети 38 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-14, Нарын облусунда-15, Ош шаарында-1, Жалал-Абад облусунда-4, Чүй облусунда-2, Ош облусунда-1 жана Орусиядан келген эки адамдын анализинен вирус табылган.
Бир суткада 9 бейтап айыгып чыкты.
Республика боюнча вирус жуктурган 1082 адам катталды. Анын ичинен 735 бейтап айыгып чыгып, 12 киши каза болду.