Ноокатта коронавирустан дагы бир адам каза болду
- 10.04.2020, 10:31,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус илдетине чалдыгып, Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан жарандын каза болгонун бүгүн 10-апрелде онлайн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
«Тилекке каршы, илдеттен дагы бир жаран көз жумду. Ал Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Маркум 87 жашта болчу. Учурдан пайланып маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз»-деди Мадамин Каратаев.