У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орусиядан келген адам үй-бүлөсүнө жана туугандарынан 10 адамга вирус жуктурган

Орусиядан келип, вирус илдетине чалдыкканын жашырган жаран өз үй-бүлөсүнө жана туугандарынан 10 адамга вирус жуктурган. Ага ооруну жашыруу боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Ош шаары, Ноокат жана Кара- Суу райондору боюнча коменданты Малик Нурдинов онлайн брифинг учурунда билдирди. 
 
«Бул жараныбыз апрелде Орусияда келген. Келгенде дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн эмес. Бирок ооруп жатканын билген. Билип туруп жашырып, туугандары менен байланышта болгон. Ал ооруну өз үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарынан 10 адамга жуктурган. Учурда бул адамга «Санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Туугандары жана үй-бүлөсү обсервацияга алынды. Азырынча ал адамдын атын ачыктай албайбыз»-деди Малик Нурдинов. 
 
Маалыматка ылайык, 25-марттан тартып санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузганы үчүн 3 адамга кылмыш иши козголгон.
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter