У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 15 кызматкеринен коронавирус табылды


Бишкекте абал курчугандан курчуп бара жатат. Борбор шаардагы №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 15 кызматкери коронавирус жуктурганы маалым болду.

Бул тууралуу бүгүн, 9-май күнү Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. "9-майга карата №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 15 кызматкери коронавирус жуктурган. Анын үчөө айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ооруканада 11 кызматкер дарыланууда жана тилекке каршы, бирөөсү каза болду", - деп билдирди Үсөнбаев.

Эске салсак, 2-майда №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаева коронавирус инфекциясынан каза болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter