21-апрель, дагы 22 кишиден вирус табылды. Жалпы: 590
- 21.04.2020, 10:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда 21-апрелге карата соңку бир суткада коронавирус дагы 22 адамдан табылды. Алардын сегизи Бишкекте, үчөө Ош облусунда, алтоо Ош шаарында, бешөө Нарын облусунда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата илдет жуккандардын жалпы саны 590го жетти. Алардын жетөө каза тапты, 216сы айыгып чыкты.