У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ооз ачар уюштургандар жазаланат


Кыйчалыш кырдаалга туш келген орозо айы да быйыл адаттагыдан башкача өтүүдө. Адатта мусулмандар бири-бирин ооз ачууга чакырып, мечиттерде, кафе-ресторандарда массалык түрдө ооз ачарлар өтүп келген болсо, быйылкы орозо айында  андай болбойт. Ооз ачууга кимде ким көп адам чогултса мыйзам чегинде жазасын алат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында орозо айында жарандарды ооз ачууга чогулууга болбойт.  Бул күндөрү чайканаларды патрулдук милиция текшерип, ооз ачуу уюштурганы аныкталса айыппул салынат.
“Ооз ачмай деп чайканага чогулмайды токтотуш керек. Ошондой чайканага топтолгондор аныкталса, анын ээси чоң суммадагы айып төлөйт”, - деди Боронов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter