У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда кырдаал оорлоду. Мечиттерде жума намазы окулбайт, жаназа намаздары жакын туугандар арасында гана өтөт


Таажылуу вирус Казакстанда күч алууда. Жуктургандардын саны 10го жетти. Алардын сегизи Алматы шаарында болсо, экөө Нур-Султан шаарында дарыланып жатышат. Мындан улам өлкөнүн бардык аймактарында, шаарларында массалык чогулуштар, иш-чаралар токтотулган. Сырттан келген жарандарга чектөө коюлуп, мектеп, окуу жайлар карантинге жабылган. Той-топурларга тыюу салынып, ири соода борборлору да жабылууда. Эми мечиттерде жума намазы жана башка намаздар окулбайт.  Бул тууралуу казак басылмаларына Казакстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдаган.

“Биринчиден, мамлекет тарабынан коомчулукта өзгөчө кырдаал жарыяланышынан жана коронавирустун таралуу коркунучу жогору болгонуна байланыштуу мечиттерде жума намазы убакытча окулбайт. Ар ким өз үйүндө жума намаздын ордуна бешим намазын өтөйт. Экинчиден мечиттер жабылбайт, беш маал намазга азан чакырылат, болгону намаз мечитте жамаат менен окулбайт. Үчүнчүдөн, мечит жанындагы ашканаларда өтүүчу түлөөлөр, садакалар убакытча токтотулат.Төртүнчүдөн, жаназа намазын жакын туугандары менен гана өткөзүүсү талап кылынат“,-деп билдирген Казакстан дин башкармылыгынын өкүлчүлүгү. Ошондой эле жаназа намаздарына жакын туугандары гана катышып, эл көп чогулбасын деген чечим чыкты.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter