Орозо 24-апрелде баштала турган болду
- 18.04.2020, 13:22,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозо 24-апрелде баштала турганын билдиришти.
Муфтият эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбасын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешкенден кийин ушул күндү тандап алышкан.
⠀
"
Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн", — дешти муфтияттан.
Эскерте кетели, муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйык Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, үйдөн ооз ачууга, шартка байланыштуу эрежеге баш ийүүгө чакырган.