У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстандын Президенти пандемия маалында орозо кармабоого чакырды


Орозо айы кыйчалыш кырдаалдын күчөп турган учуруна жана талаа иштери башталып, айдоо-себүү кызуу жүрүп турган чакка туура келди. Ушундай себептерди эске алуу менен бирге,  Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон элге кайрылуу жасап, өлкө дыйкандарын орозону башка мезгилде кармоого чакырды. Бул тууралуу ал Рамазан айына карата жасаган телекайрылуусунда билдирди.

Рахмон мусулмандар үчүн ыйык эсептелген бул ай быйыл коронавирус пандемиясы күчөп турган учурдан тышкары жазгы айдап-себүү иштерине да туш келгенине токтолду.

«Ошондуктан биз суу ичпей, тамактанбай, ошол эле маалда оор жумуштарда иштеп, ден соолугубузга зыян алып келбешибиз керек. Анткени бир күн бою ачка жүрүү иммунитетти начарлатып, жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу тобокелдигин жогорулатат», — деди президент.

өлкө Президенти өлкөдө коронавирус жуктуруп алган бир дагы учур катталбаганын белгилеп, жарандарды «тазалыкка, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана жалпы коомдун саламаттыгын сактоого өзгөчө көңүл бурууга» чакырды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter