Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда коменданттык саат алынат
- 10.05.2020, 14:55,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Эртеӊ, 11-майда Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда коменданттык саат алынат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өлкөдө өзгөчө абал алынганы менен өзгөчө кырдаал режими сакталат.
Санитардык-карантиндик тосмолор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин алынбайт. Бир облустан экинчи облуска кирип- чыгууларга коюлган чектөөлөр күчүндө калат. Эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканына байланыштуу Бишкек, Ош, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагына карантин киргизилет.
Ошондой эле транспорт кыймылына коюлган чектөөлөр Нарын облусунун Ат- Башы районунда да алынат. Ат-Башыга чектөөлөр 15 -апрелде киргизилген эле.