Карантин аяктаса да, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салына берет
- 28.04.2020, 17:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда жаман вируска байланыштуу киргизилген кээ бир чектөөлөр алынса да, той-аштарга жана башка эл көп чогулуучу иш-чараларга салынган тыюу азырынча алынбайт экенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында сүйлөп жатып айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз каларын айтты:
«
Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө салынган тыюу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлары, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүдө, чыгууда санитардык-карантиндик блокпосттор өз ишин улантат» дейт маалыматта.