У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азырынча облустан облуска каттоого уруксат берилбейт


Кыргызстанда азырынча өзгөчө кырдаал режими сакталып тургандыктан, бир облустан экинчи облуска барууга да тыюу салына бермекчи. 
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-апрелдеги брифингде билдирди.

"Ички каттамдарды жакын арада жандандыруу планы жок. Ал эми эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, башка бизге каттаган өлкөлөрдөн да көз каранды. Коңшу мамлекеттерде да абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар", - дейт Боронов. 

Эскерте кетели, коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жапкан. 22-марттан тартып өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилип, ички жана сырткы каттамдар токтогон. Коомдук транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter