9-майда вирус жуктурган 25 жаӊы учур катталды
- 09.05.2020, 12:22,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
9-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 25 адам жаңы катталып, 8 адам айыгып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу, Республикалык штабдан кабарлады.
Алар: Бишкек шаарында-2, Чүй облусунда-4, Нарын облусунда-11, Ош облусунда-3, Жалал-Абад облусунда-4, Баткен облусунда-1 адам.
Ушул менен өлкө боюнча жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 931ге жетти, алардын ичинен 12 бейтап каза болду, 658 бейтап айыгып чыкты.