Илдетке чалдыккан эки адамдын абалы өтө оор деп бааланууда
- 02.04.2020, 12:11,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Коронавирус жуктурган адамдардын бешөөнүн абалы оорлошуп, реанимацияда жатат. Эки адам өтө оор абалда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган»- деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 116 адамга жетти. Бүгүн илдетке чалдыккан беш жаӊы учур катталды. 5 адам айыгып, үйүнө чыгарылды.