У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талас облустук ооруканага ИВЛ аппараты берилди


Коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан бөлүнгөн 16 млн сомго 11-апрелде Талас облустук ооруканага өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппарат алынып келинди.  

Бул аппарат вирус менен күрөшүүдө, адам өмүрүн сактоодо абдан чоӊ роль ойнойт. Анын баасы 25 миӊ доллардын тегергинде. Учуруда дүйнөлүк пандемияга байланыштуу дүйнөдө азыр бул аппараттын тартыштыгы жаралууда. 

«Биздин кызматкерлер ИВЛ аппараттын сатып алуу үчүн көп өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азыр ар бир өлкө мындай аппаратты адегенде  өз мамлекетти үчүн чыгарып жатат. «Альянс Алтындын» логисттери Кытай менен тил табышып, аппарат сатып алууга жетишти. Бул жаӊы аппарат Талас ооруканасына көп жыл кызмат кылат», - деп билдирди компаниянын пресс-катчысы Касиет Карачолокова. 

Эске сала кетсек, буга чейин «Альянс Алтын» компаниясы Талас облусуна медициналык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүп, бир катар дезинфекция иштерин жүргүзгөн. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter