У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жуккан алты киши реанимацияда…

Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов 4-апрелде өткөн маалымат жыйында коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен алты адам жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

Алардын ичинен Ошто 45 жаштагы эркектин абалы оор болгондуктан жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Ноокаттагы 59 жаштагы эркек, Оштогу 63 жана 60 жаштагы аял, Нарындагы 60 жаштагы аял – оор абалда жатат. Жалал-Абаддагы 33 жаштагы эркектин саламаттыгы жакшыра баштады.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаңы учур катталды. Жалпы өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Алардын ичинен Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Алты адам сакайып чыкканы кабарланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter