Коронавирус жуктуруп алган алты адамдын абалы оор болуп реанимацияда жатат
- 26.03.2020, 11:23,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу 26-мартта республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
“10 адамдын абалы орточо оор, алты адамдын абалы оор болуп реанимацияга жаткырылды» - деди Акматова.
2020-жылдын 26-мартында Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жаӊы учуру катталган жок.
Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча вирус жуктурган 44 учур аныкталган.