Бүгүн беш медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 26.04.2021, 10:34,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда бир күндө беш медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Анын айтымында, Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда бир учур катталган.
Бир күндө жети медициналык кызматкер үй изоляциясынан чыгарылды.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 4 миң 405, алардын ичинен 4 миң 317 саламаттыкты сактоо кызматкерлери айыгып чыгышкан.