Бир суткада 11 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алды
- 22.04.2021, 12:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда бир күндө 11 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Бишкек шаарында -9, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бир учур катталган.
Бир күндө үч медициналык кызматкер ооруканалардан, үчөө үй изоляторунан чыгарылды.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 4 миң 380 адамды түзөт, алардын ичинен 4 миң 291 адам айыккан.