Акыркы бир суткада тогуз медкызматкерден вирус аныкталды
- 21.04.2021, 10:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда акыркы бир суткада тогуз медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Анын айтымында, Бишкек шаарында беш, Ош, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден учур катталган.
Ошондой эле беш медициналык кызматкер ооруканалардан, төртөө үйдөн, жалпы 9 медкызматкер сакайып чыкты. Март айынан бери вирус жуктуруп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4 миң 369, алардын 4 миң 285 саламаттыкты сактоо кызматкерлери айыгып чыгышкан.