Бүгүн жети медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 04.04.2021, 12:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир суткада Кыргызстанда жети медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алышкан. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бардык учурлар Бишкек шаарында катталган.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 4266 болсо, анын 4 миң 206сы айыгып кеткен.