6-июлда 314 адамдан вирус табылды, 41 бейтап айыкты
- 06.07.2020, 10:21,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
6-июлда коронавирус илдети 314 адамдан табылды, 41 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Бишкек шаарында-161, Чүй облусунда-25, Ош шаарында-41, Ош облусунда-26, Жалал-Абад облусунда-15, Ысык-Көл облусунда-21, Баткен облусунда-10, Нарын облусунда-15 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7691ге жетти, анын ичинен 2843 бейтап айыгып чыкты.