Бүгүн 43 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 27.06.2020, 10:30,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 43 кызматкерден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу онлайн-брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Мадамин Каратаев айтты. Илдет аныкталган дарыгерлердин ичинен:
• Бишкек шаарында – 19
• Чүй облусунда – 7
• Ош шаарында – 7
• Ош облусунда – 3
• Нарын облусунда – 2
• Баткен облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 4
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 712 медкызматкерге коюлду. Алардын ичинен 414 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.